Кыргызстан Кореяга 27 млн доллар карыз. Эч ким мойнуна албайт, ким төлөйт? - «ПолитКлиника»

Кыргызстан Кореяга 27 млн доллар карыз. Эч ким мойнуна албайт, ким төлөйт? - «ПолитКлиника»

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери мындан 24 жыл мурда же 1998-жылы кыргыз өкмөтү гарант болуп, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов башында туруп, Кыргыз улуттук университетине (КУУ) караштуу Медициналык борбор үчүн жабдуулар түрүндө Түштүк Кореядан 8.5 млн насыя алганын, ал насыянын пайызы өсүп отуруп, учурда 27 млн долларга жеткенин кенен изилдеп чыккан макаласын жарыялады.

“Азыр тараптардын ар бири — Кыргызстандын бийлиги жана Исманкулов — ким күнөөлүү, кредитти ким төлөшү керек жана 24 жыл ичинде пайда болгон пайыздарды ким төлөй тургандыгын тактоого аракет кылып жатышат: азыр бул, албетте, 8.5 млн доллар эмес, 27 млн доллар. Мындай сумманы Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди”, – дейт “ПолитКлиника”.

Аталган медианын журналисттери бул каражат Кореядан кантип алынгандыгын баштан аяк изилдеп чыгышкан жана төмөндө аталган “изилдөө” келтирилет.

Кантип башталган?

Кыргызстан көз карандысыздыгынын башталышында кулаган Советтер Союзунан мураска калган ар кандай техникаларды жана станокторду жаңыртууга абдан муктаж болгон. Медициналык жабдуулар дагы бул тизмеде болгон жана ал техникаларды сатып алуу үчүн насыя алуу идеясы жаралган.

1997-жылы апрелде КУУнун окумуштуулар кеңеши «медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү жана студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн» ЖОЖдун алдында «Интергоспиталь» медициналык борборун ачууну чечкен. Негиздөөчүлөрүнүн бири, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов  “Интергоспиталдын” жетекчиси болот.

Ошондой эле, Исманкуловго медициналык борбордун директору катары, кредиттик макулдашууга жана жабдууларды импорттоо үчүн бардык тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилген.

1998-жылдын башында Кореядан медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган, техниканы жеткирүү менен Medison Co. Ltd компаниясы алектенген. Келишимде Билим берүү министрлиги өкмөттүн атынан гарант катары чыккан. Ага ошол кездеги министр Аскар Какеев 1997-1998-жылдары кол койгон.

1999-жылдын май айында жабдуулар Кыргызстанга келе баштаган. Бирок «Интергоспиталь» расмий түрдө ачылбай, кагаз жүзүндө гана болгондуктан, медициналык аппараттар №6 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилип, Исманкуловдун көз микрохирургиясы жеке борбору тарабынан кабыл алынган.

Ошондон кийин 1999-жылдын күзүндө КУУ «Интергоспиталдын» негиздөөчүлөрүнүн курамынан чыккан, ал эми кредит боюнча милдеттенмелер «Интергоспиталь» медициналык борборуна калтырылган. Техниканы алган учурда анын директору Исманкулов болгон.

Натыйжада, башында 8 млн доллардан ашык насыя төлөнбөй, медициналык техниканын бир бөлүгү Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшкөн.

Кийин эмне болгон?

Өкмөт менен КУУ «Интергоспитал» ЖЧКсы үчүн кредит төлөөдөн баш тартуу аракетине карабастан, андан аркы окуялар кыргыз бийлигинин пайдасына болгон эмес.

2004-жылы кореялык Арбитраждык палата КУУну насыяны төлөө үчүн жооптуу деп табат. Ал эми мурдагы Билим берүү министри Какеевге жана окулист Исманкуловго карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган. 

Бирок насыяны төлөө маселеси ондогон жылдардан бери чечилбей келет. Бул убакыт ичинде Кыргызстан эки революцияны жана өкмөттүн сансыз алмашуусун башынан өткөрдү. Бирок насыяны жана анын үстөк пайызын төлөйүн деген эч ким жок.

Андан соң Кореялык соода камсыздандыруу корпорациясы КУУнун кредитин төлөө жөнүндө Арбитраждык палатанын чечимин таануу жана мажбурлап аткаруу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылат. Бирок кыргыз соту маселени кароосуз калтырган

Университет буга макул эмес. КУУнун юристи университет насыяга алынган жабдууларды албай, тескерисинче, «Интергоспиталдын» негиздөөчүлөрүнүн курамынан чыккандыктан, алар насыяны төлөбөй тургандыгын түшүндүрүүдө. 

Бул маселени чечүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда кезектеги бийлик алмашкандан кийин гана пайда болгон. Жаңы дайындалган Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловду жоопкерчиликке тартуунун таңуулоочу жана талаштуу жолдоруна аракет кылган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев «ПолитКлиникага» берген маегинде Кыргызстан Кореядан чечилбеген чыр-чатактан улам насыя ала албай тургандагын, анткени Кыргызстан Кореянын “кара тизмесинде” экенин жана акыркы жолу кредит 1998-жылы Чүй облусуна телекоммуникация жаатына берилгенин билдирген. 

Исманкулов өзү эмне дейт?

Исманкулов өзү “ПолитКлиника” медиасынын журналисттеринин берген суроолоруна жооп берип жатып, бул маселеге эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок экенин айткан. Анткени, анын айтымында, бул насыя “жеке насыя” болуп эсептелет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы юристи Азамат Жумакеев алынган насыя боюнча төлөнүшү керек болгон так сумма — 27 млн доллар деп билдирген.

Исманкулов бул акчаны төлөөгө даярбы же жокпу деген суроого төмөндөгүдөй жооп берген: «Ички иштер министрлиги корейлер менен чогуу келсин. Анан көрөбүз. Азыр алар биздин кадыр-баркыбызды түшүргүсү келип, 25 жыл мурунку ишти казып жатышат”.

Сүрөт: “ПолитКлиника”.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда 4 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды

Кара-Сууда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнө таандык жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.  Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө жер тилкелери жер мыйзамдарын бузуу менен катталгандыгы аныкталды.  Кеп болуп жаткан жер "Айыл чарба жерлери" катары классификацияланган, бирок чындыгында башка максаттарда колдонулган.

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Былтыр Солтон-Сарынын Бучук тилкесинен 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн

Нарын райондук администрациясы берген маалыматка ылайык 2025-жылы Солтон-Сары кенинин Бучук тилкесинде 876,3 килограмм алтын өндүрүлгөн. Кендеги алтын ылгоочу фабрика 2024-жылдын октябрь айында сыноо режиминде иштей баштаган. Ишкана жылына 600 миң тонна кен иштетүүгө жана болжол менен 1,8 тонна алтын өндүрүүгө эсептелген. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 12 млрд сом

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Бишкекте 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форуму өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18–21-февраль күндөрү "Агродиалог-2026" форумун өткөрөт. Форумдун алкагында: * 18-февралда "Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 19-февралда – "Мал чарба тармагы боюнча чемпиондор мастер-классы"; * 20-февралда – "Кайра иштетүү жана экспорт" багытындагы тематикалык сессиялар

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан кыз пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдеште алтын медаль жеңип алды

Адина Самыйбек кызы пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при мелдешинде алтын медаль жеңип алды. Мындай билдирүүнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, КРнын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы дүйнөлүк Гран-при мелдешинде диск ыргытуу боюнча биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынган. Аталган