Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, бул ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, жагымдуу салык климатын түзүү максатында жарлык түзүлдү.
- кассалык чектерди бербөө бөлүгүндө ККМди колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн биринчи укук бузуу үчүн эскертүү түрүндө жаза колдонууну жана кийинки укук бузуулар үчүн айыптардын өлчөмүн жеке жактар үчүн 5 эсептик көрсөткүчтөн (500 сом) жана юридикалык жактар үчүн 50 эсептик көрсөткүчтөн (5000 сом) тартып градациялоону болжолдогон төмөндөтүүнү
Бирдиктүү салык
КММны, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан, дистрибьюторлордон жана аларды саткан субъекттерден тышкары соода ишинин субъекттери үчүн ККМди жана/же электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонгон шартта төмөнкүдөй өлчөмдө бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы белгиленет:
- 0.5% – жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин
- 1% – жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин
Сатуудан алынуучу салык
Сатуудан алынуучу салыктын ставкасы кабыл алынган токтомго жараша жогорулайт.
- 3%га чейин – салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы менен бирдиктүү салык жана патент боюнча иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда
- 4%га чейин – жеке белгилери көрсөтүлбөгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда.
Патент жана ЖИ
Салык салуунун патенттик системасына тиешелүү иштин түрлөрүн оптималдаштырат.
Орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50% жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берген, тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштегендерден тышкары) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын КРнын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6% өлчөмүндө белгиленет.
Салык органынын жетекчисинин чечими менен салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын тартиптик жорук жасаганда ээлеген кызматынан бошотуунун жана дайындоонун өзгөчө тартиби киргизилет.
ККМ
ККМди колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн айыптардын өлчөмдөрүн мыйзамдуу жөнгө салганга чейин жарандардын даттануулары, башка мамлекеттик органдардан алынган маалыматтар боюнча жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү кассалык чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө аныкталган бузуулар фактылары боюнча контролду жүргүзүү учурларын кошпогондо, кассалык чектерди берүү маселелери боюнча контролдук сатып алууну жүргүзүүнү убактылуу токтотуп туруу каралат.
Аймагында товарлардын акциздик топторун, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууну кошпогондо, рыноктордо жана кичи-рыноктордо ККМди колдонууну киргизүү боюнча мөөнөттөрдү узартсын.
Төмөнкүлөр ККМди колдонуудан бошотулат:
- көчмө соода жүргүзүү жайларын, киоскторду жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүүчүлүк продукциялары, айыл чарба продукциялары, нан азыктары, улуттук жана сергитүүчү суусундуктар менен көчөдө соода жүргүзгөн жеке жактарды
- окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде иш жүргүзгөн коомдук тамактануу субъекттери бошотулат.
ККМди техникалык тейлөө борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизсин, ошондой эле аларды ККМ боюнча кызматтарды акысыз көрсөтүүгө милдеттендирет.