Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда

Айыл чарба министринин «мыйзамсыз ыйгарып алган» деген Toyota Land Cruiser Prado унаасы талкууда

«Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын директору ишкер Ильгиз Шаменов Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “2018-жылкы Тайота Прадо үлгүсүндөгү унааны өзүнө мыйзамсыз ыйгарып” алганын өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

Ага чейин ишкер министр Жаныбековдун коркутуп-үркүтүүлөрүн айтып, УКМКнын жетекчисине ачык кайрылуу жолдогон. Ага Шаменовдун Айыл чарба министрлигиндеги 1 млрд сомдук коррупциялык иштин бетин ачуу боюнча аракеттери себеп болгон.

Тирешүү уланууда

Жогоруда айтылган окуялардан соң, ишкер Фейсбуктагы баракчасында министр Жаныбеков унааны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алганын айтат.

“Аскарбек Сапарбекович мыйзамсыз, 2018-жылкы Тайота Прадо үлгүсүндөгү унааны өзүнө ыйгарып алган, мыйзамсыз токтом чыгарып. Ал унааны Кыргызстандагы FAO организациясы, Балык чарба департаменттинин башчысына кызматтык унаа кылып берген. Бирок эмнегедир Балык чарба департаментти эмес, унааны министр тартып алган”, – деп жазган ишкер бул ишти тиешелүү органдардан текшерип берүүнү өтүнгөн.

Балык чарба департаменти эмне дейт?

Департамент 2020-жылы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык, Тойота Прадо унаасы 2022-жылы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан (ФАО) баланска кабыл алынганын жана аны кийин министрликке өткөрүп беришкенин билдирди.

“Тойота Ланд Крузер Прадо – 2017-жылы чыгарылган унаа КРнын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты. Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун