Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин болду.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, соода-экономикалык байланыштар, инвестициялык климат, билим берүү жана гуманитардык байланыштарды талкуулашты. Визалык режимди жеңилдетүү маселеси дагы өзгөчө көңүл борборунда болду.

Салтанат Аманова парламенттер аралык кызматташтык ишенимди бекемдөөнүн маанилүү механизми экенин белгилеп, диалогду мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты активдештирүүгө жана эки тараптуу диалогду тереңдетүүгө даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Саясий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгү 40%га жетти

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы Аялдар форуму өз ишин баштады. Иш-чара Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгынын алкагында 26–27-июнда "Эне-Сай" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, форумга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдар,

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган