Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүк, өзгөчө кумшекер менен ун - 41% жана 26%га кымбаттады
Январь-июль айларында Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Эң көп кымбаттаган кумшекер менен ун болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин материалында айтылат.
Быйылкы жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан 9.6%га өскөн.
Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 12.9%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарынын баасы – 12.6%га, азык-түлүк эмес товарлардын баасы – 5.6%га, кызмат көрсөтүүлөрдин тарифтери 4.9%га көтөрүлгөн.
Жыл башынан бери эң көп кумшекер – 41%га жана ун – 25.5%га кымбаттап, ал эми мөмө-жемиштер – 20.7%га, сүт азыктары – 16.7%га, нан – 14.5%га, гречка – 14.3%га, балык – 13.4%га, алкоголсуз суусундуктар – 13.2%га, кой эти – 12.9%га, уй эти – 7%га, жашылчалар – 3.7%га кымбаттаган.
Бул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) баалардын жана тарифтердин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.