«Түндүк электр», «Ошэлектро» жана башка бөлүштүрүүчү компаниялар жок болду – алардын баары КУЭТке кирди

«Түндүк электр», «Ошэлектро» жана башка бөлүштүрүүчү компаниялар жок болду – алардын баары КУЭТке кирди

Улуттук энергохолдинг” энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүүнү аяктады. Энергетика компанияларын бириктирүү иштери бүттү. Бул тууралуу холдингдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстан Улуттук электр тармагы” (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, республика боюнча бардык абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү. “КУЭТ” мекемесинин облустардагы филиалдары эми төмөндөгүдөй аталат:

  • Чүй электр тармактар ишканасы
  • Ош электр тармактар ишканасы
  • Талас электр тармактар ишканасы
  • Жалалабат электр тармактар ишканасы
  • Ыссык-Көл электр тармактар ишканасы
  • Нарын электр тармактар ишканасы
  • Баткен электр тармактар ишканасы

Ошондой эле, буга чейин «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектро», «Жалалабатэлектро» бөлүштүрүүчү компаниялары менен катар бардык облустарда жогорку вольттогу электр тармактарын тейлөө боюнча КУЭТтин филиалдары иштеп келгени айтылган. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.

Реструктуризацияланган дагы бир акционердик коом – бул “Бишкекжылуулуктармактары”, ал “Электр станциялары” ААКы менен бириктирилген.

“Улуттук энергохолдинг” билдиргендей, реструктуризациялоонун натыйжасында энергетикалык компанияларда өндүрүштүк жана башкаруу процесстери автоматташтырылып, чыгашалар азайып, бирин бири кайталаган кызмат орундары кыскарат.

Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 млрд сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты. Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун