Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис ишке кирет

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис ишке кирет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча жаңы сервис иштелип жаткандыгын билдирди.

Жакында аталган министрликтин алдындагы «Түндүк», «Инфоком» МИлеринин, Калкты каттоо департаментинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун өкүлдөрүнүн жумушчу жыйыны болуп өткөн.

Жыйындын жүрүшүндө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берүүнү автоматташтыруу боюнча маселелер, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына аталган кызматты жайгаштыруу механизмдери талкууланган.

“Бул сервис ата-энелерге баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн онлайн режиминде тариздөөгө мүмкүндүк берет. Төрөт үйлөрүндө медициналык күбөлүк берилгенде булуттук электрондук кол тамгалар дагы кошо берилет, анын жардамы менен баланын ата-энеси Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн онлайн арыз жибере алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Министрлик азыркы учурда бул кызматтын толук кандуу иштеши үчүн бардык техникалык процесстер кылдат текшерүүдөн өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасынын алкагында, "КУЭТ" ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы ири иштерди жүргүздү. Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылы калкы жыш жайгашкан жана электр керектөөсү өсүп жаткан аймактардагы 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган: "Көк-Жар" жана "

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 2025-2026-окуу жылында жазгы каникулда 6-мартта гана эс алышат. Бул тууралуу Агартуулар министрлигинин мектептик каникулдар графигинде белгиленген. Белгилей кетсек, 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен, ошол күндөрү да сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат. Ошондой эле, майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер 1-10-майда эс алышат, сабактар 11-майдан

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,