Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту жаңылоого жана эски автопаркка түшкөн жүктү азайтууга багытталган.

Бул каржылоо региондорду инфраструктуралык жактан колдоо боюнча кеңири программанын бир бөлүгү болуп саналат. Талас үчүн бул жолдорду жакшыртып, шаардык транспортту жаңылоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 908,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт. Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда. Анын ИДПнын өсүшүнө

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Баткен облусунун Майдан айылында сууну натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелер агенттиги" коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аймактагы негизги суу булагы болгон "Бант суусу" каналынын 1320 метрин оңдоо каралган. Учурда курулуш иштерине 55 жергиликтүү тургун

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай ишканалары 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Өндүрүш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өсүш тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө 2,4%ды, негизги металлдарда 8,5%

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абад облусунун 2026-жылдагы титулдук тизмесине жалпы 139,5 чакырым жол киргизилип, учурда анын 57%дан ашууну аткарылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык салымдар беренесинин алкагында дагы 648 чакырым жолдо курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган иштердин негизги максаты — калктуу конуштар арасындагы транспорттук байланышты