Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Былтыр Бишкекте 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдык жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырмасынын алкагында, "КУЭТ" ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы ири иштерди жүргүздү.

Ведомстводон билдиришкендей, 2025-жылы калкы жыш жайгашкан жана электр керектөөсү өсүп жаткан аймактардагы 7 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган:

"Көк-Жар" жана "Орто-Алыш" көмөк чордондорунда 25 МВА трансформаторлор 40 МВАга алмаштырылды;
"Алтын-Казык" жана "Берлик" көмөк чордондорунда 16 МВА трансформаторлор 25 МВАга алмаштырылды;
"Водоканал" көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 16 МВАга;
"Карагачевая" жана "Төмөнкү Ала-Арча" көмөк чордондорунда 4 МВА трансформаторлор 6,3 МВАга алмаштырылды.

Жүргүзүлгөн иштер электр тармактарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түздү.

Мындан тышкары, 2026-жылы дагы эки көмөкчүнүн кубаттуулугу жогорулатылат:

"Кызыл-Аскер" көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга;
"Центральная-3" көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылат.

Акыркы жылдары Бишкек шаарында жаңы турак жай конуштары, өндүрүштүк жана социалдык объекттер көбөйгөндүктөн, электр тармактарына түшкөн жүктөм артты. Кубаттуулугу жогорулатылган трансформаторлор калкты үзгүлтүксүз электр менен камсыз кылууга жана тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media
Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media