Бишкек — Балыкчы поезд каттамы сентябрда токтойт
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтоорун маалымдады.
Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраак айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.
Ошондой эле ишкана аталган каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданарын билдирди.