Доллар бираз көтөрүлдү - Улуттук банк дем алыш күндөргө карата валюталардын курсун аныктады
Улуттук банк 27-августтан тарта чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын аныктады. Сомго карата Кыргызстанда котировкаланган бардык негизги валюталардын курсу (казак теңгесин кошпогондо) жогорулады.
- Доллар 0.38%га — 80.6838 сомго чейин жогорулады
- Евро 0.22%га — 80.5950 сомго чейин жогорулады
- Орус рубли 0.15%га – 1.3379 сомго чейин жетти
- Казак теңгеси 1.10%га арзандады – 0.1709 сомду түздү.
