«Кыргыз почтасынын» кызматкерлеринин айлык акысын көтөргөндү унутуп коюшту - ал 5600 сомду түзөт
Көпчүлүк кызматкерлердин айлыгын көтөрүшүп, бирок “Кыргыз почтасынын” кызматкерлерин унутуп коюшту. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
“Элестеткиле, почтальон жумасына 6 күн, эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштейт жана бул эмгеги үчүн айына 5600 сом эле алат. Алар пенсия жеткиришет, жарнак китепчелерин, посылкаларды таратышат, бирок бул иштен түшкөн акча почтальондордун өзүнө эмес, ишканага кетет”, – дейт депутат.
Ошондой эле депутат бул маселени парламентте көтөрөрүн кошумчалады.

