Экономика министрлиги ишкерлер үчүн атайын 5 нускама чыгарды

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн атайын 5 нускама чыгарды

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн беш колдонмо иштеп чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Колдонмолордун ар бири юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн каттоо, калкты тейлөө борборлорунун жана ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректери, мамлекеттик органдардын иш убактысы жөнүндө маалыматтарды, зарыл документтерди жана каттоо мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү камтыган кадамдык нускамалардан, ошондой эле процедуранын башка деталдарынан турат.

Алар төмөнкүлөр:

  • «Санариптик көчмөн» статусу
  • Кыргызстанда бизнести каттоо
  • Кыргызстанда салык салуу
  • ИТБ – Ишкерлерди тейлөө борбору
  • Кыргызстанда салыктык отчеттуулук.

Ошондой эле министрлик Кыргызстанда мындай колдонмолор биринчи жолу иштелип чыкканын, алар бизнесмендерге, анын ичинде КРга келген жана өлкөдө бизнес жүргүзүүнү көздөгөн чет элдик жарандарга пайдалуу болорун билдирет.

Колдонмолор менен Экономика жана соода министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 2025-2026-окуу жылында жазгы каникулда 6-мартта гана эс алышат. Бул тууралуу Агартуулар министрлигинин мектептик каникулдар графигинде белгиленген. Белгилей кетсек, 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен, ошол күндөрү да сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат. Ошондой эле, майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер 1-10-майда эс алышат, сабактар 11-майдан

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү