Комбанктарга жылдын аягына чейин соода жана тейлөө түйүндөрүндө QR-код төлөмүн киргизүү тапшырмасы берилди

Комбанктарга жылдын аягына чейин соода жана тейлөө түйүндөрүндө QR-код төлөмүн киргизүү тапшырмасы берилди

Улуттук банк коммерциялык банктарга, төлөм системасынын операторлоруна жана мобилдик тиркемелери бар төлөм уюмдарына үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин QR-код аркылуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттендирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта башкы банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бул токтом QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, документке ылайык, коммерциялык банктар жана төлөм системалары/уюмдар жылдын аягына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыгуусу керек:

  • КРнын соода жана тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу
  • Соода жана тейлөө ишканаларына QR-кодду колдонуу боюнча окутуу жагында зарыл консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү
  • Кардарлар QR-коддорун колдонууда коопсуздук чараларын жана мүмкүн болуучу уруксатсыз операциялардан коргоону жакшыртууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 2025-2026-окуу жылында жазгы каникулда 6-мартта гана эс алышат. Бул тууралуу Агартуулар министрлигинин мектептик каникулдар графигинде белгиленген. Белгилей кетсек, 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен, ошол күндөрү да сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат. Ошондой эле, майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер 1-10-майда эс алышат, сабактар 11-майдан

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү