КРнын өнөр жайы алтын казып алуунун эсебинен 14.5%га өстү - ЕӨБ
Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү алтын казып алуунун өсүшүнүн эсебинен 14.5%га өстү. Мындай маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) аналитиктеринин жумалык макросеребинде айтылат.
Ал серепте башка тармактардагы экономикалык өсүү 3.3%ды түзгөнү айтылат. Жалпысынан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 17.8%ды түзгөн.
Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү, тагыраак айтканда, тамак-аш өнөр жайы – 12.9%га, мунай продуктуларын өндүрүү – 14.6%га, ошондой эле даяр металл буюмдарын өндүрүү – 46.4%га жогорулаган.
Мындан тышкары, талдоочулардын айтымында, текстиль жана тигүү өндүрүшү 2.4%га кыскарган. Буга транспорттук-логистикалык чынжырлардын иштешиндеги үзгүлтүктөр терс таасирин тийгизген.