Республиканын дарыяларындагы бассейндердин 0.01%ын гана пайдаланып, жылына 100 миң тонна форель өстүрүүгө болот - Ниязов

Республиканын дарыяларындагы бассейндердин 0.01%ын гана пайдаланып, жылына 100 миң тонна форель өстүрүүгө болот - Ниязов

Республиканын дарыяларындагы бассейндердин аянтынын 0.01% ын гана пайдаланып, жылына 100 миң тонна форель өстүрүүгө болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Ниязовдун айтымында, ички рынок республикада өстүрүлгөн 20 миң тоннага жакын гана балыкты алат. Бирок планда балык өндүрүүнү он эсеге көбөйтүү каралган. Анткени Кыргызстандын суу ресурстары экологиялык жактан таза балыктарды өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

“Алсак, республиканын дарыяларындагы бассейндердин 0.01%ын гана пайдаланганда, жылына 100 миң тоннага чейин асан-үсөн форелин өстүрүүгө болот. Ошол эле кезде алардын бир бөлүгү Токтогул ГЭС каскадынын суу сактагычтарындагы капас чарбаларында өстүрүлөт.

Балык өтө маанилүү азык болгондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги жылына эң аз 9.1 кг керектөөнү сунуштайт. Учурда балык керектөө жылына эки гана килограммды түзөт”, – дейт ал.

2016-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясында балык өстүрүүнүн үлүшү 0.05%ды же 46.1 млн сомду түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 0.35%га жетип, 853.5 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 2025-2026-окуу жылында жазгы каникулда 6-мартта гана эс алышат. Бул тууралуу Агартуулар министрлигинин мектептик каникулдар графигинде белгиленген. Белгилей кетсек, 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен, ошол күндөрү да сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат. Ошондой эле, майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер 1-10-майда эс алышат, сабактар 11-майдан

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү