Өзбекстандан контрабандалык жол менен келген 100 миң сомдук дарбыз кармалды - унаа конфискацияланды

Өзбекстандан контрабандалык жол менен келген 100 миң сомдук дарбыз кармалды - унаа конфискацияланды

Баткен райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан КР ЕАЭБ аймагына чыгууда кармалган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте КР жараны «К.О.Н» башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны кармашкан.

“Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда жалпы салмагы 5 миң кг, баасы 100 миң сомду түзгөн дарбыздар табылган. Жаран «К.О.Н» Өзбекстандан КРдагы ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин Баткен шаарындагы убактылуу сактоочу кампанын аймагына жеткирилген. «К.О.Н» аттуу жаранга карата 60 миң сом айып салынган. Товарлар 116 865 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен бажылык тариздөөдөн өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Таласка жолдорду оңдоо жана электробустарды алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнөт

Талас шаарына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 1,09 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Берилген каражаттын ичинен 910 млн сом шаардагы жолдорду ремонттоого жана курууга жумшалат. Ал эми 180 млн сом 30 жаңы электробус сатып алуу үчүн лизинг аркылуу пайдаланылат. Долбоор шаардык транспортту

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Жазгы каникулда окуучулар бир күн гана эс алат

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 2025-2026-окуу жылында жазгы каникулда 6-мартта гана эс алышат. Бул тууралуу Агартуулар министрлигинин мектептик каникулдар графигинде белгиленген. Белгилей кетсек, 7-8-март дем алыш күндөргө туш келгендиктен, ошол күндөрү да сабактар болбойт. Окуу процесси кайра 9-марттан тартып улантылат. Ошондой эле, майдагы майрам күндөрүнө байланыштуу мектептер 1-10-майда эс алышат, сабактар 11-майдан

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Коррупцияга каршы күрөш: жаңы мыйзам күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 15-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзамдын максаты – коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана билим берүү, маалыматтык-профилактикалык иштерди жакшыртуу. Ошондой эле,

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Тигүү тармагында экспорт жана логистика көйгөйлөрү чечилет

Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Президенти Садыр Жапаровдун тигүү тармагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана экономиканын социалдык багытталган секторун колдоо боюнча протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында кеңейтилген кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйынга Экономика жана коммерция министринин орун басарлары Искендер Асылкулов жана Беназир Нурланова, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана тигүү