Айлык акылар көтөрүлдү. Эми жылына 16.8 млрд сом керектелет
Финансы министрлигинин Штаттык сан жана эмгек акы башкармалыгынын башчысы Иса Бакиров көтөрүлгөн айлык маяналар үчүн жылына канча каражат керектелерин айтты.
Анын айтымында, 1-августтан баштап эмгек акыны жогорулатууга 5 айга 7 млрд сом керектелет.
“Ал эми жылдык эсеби боюнча 16.8 млрд сом бөлүнөт”, – деди Бакиров.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, 1-августтан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.