Коронавирус инфекциясын аныктоонун жаңы ыкмасы чыкты
Коронавирус инфекциясын аныктоонун жаңы ыкмасы чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ, 1-сентябрда КР ӨКМнин Борбордук аппаратында коронавирус инфекциясын (COVID-19) жана башка дем алуу органдарынын курч респиратордук ооруларды бир жөтөлүү жолу менен аныктай алган дифференциалдык диагностикалоо Acoustery системасынын презентациясы болуп өттү.
“Мындай системаны аэропорттордо, автобустарда, поезддерде, автобекеттерде, дүкөндөрдө, дарыканаларда дегеле, эл көп чогулган жерлерде орнотууга болот.
Жаңы сунушталып жаткан системанын иштетүү эрежесине ылайык, адам терминалга жөтөлүүсү керек. Андан соң система белгилүү убакыттын ичинде оору тууралуу жыйынтыгын чыгарып берет.Ошондой эле системаны кадимки уюлдук телефонго тиркеме түрүндө жүктөп алуу жетиштүү”, – дейт ӨКМ.
Ошондой эле министрлик учурда аталган системаны жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылып иштеп чыгуу үстүндө иш жүрүп жатканын маалымдады.


