Салык кызматы дээрлик 100 млрд сом салык чогултту - дагы 56 млрд чогултуш керек
2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Мекеме белгиленген план 1 млрд 445.5 млн сомго ашыгы менен чогултулганын (аткаруу 101.5 %) маалымдады.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 млрд 829.4 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151.2 %ды түздү.
Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.