Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат

Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат

Бишкек шаарындагы төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блокторду жайгаштыруу пландалууда.

Имараттын капсула салуу аземине катышкан президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артканын билдирди.

Кошумча окуңуз:

Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз