Банктар 16 жашка чыккан жарандарга банктык төлөм карталарын берүүнү карашууда
2-сентябрда Улуттук банк Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы кабарлады.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевдин төрагалыгы астында коммерциялык банктардын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.
Отурумда соода жана тейлөө ишканаларын контролдук-кассалык машиналар (ККМ) функциясы бар POS-терминалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) милдеттүү пайдалануу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, КРда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруунун, финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында 16 жашка чыккан жарандар арасында банктык төлөм карталарын жайылтуу маселелери талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча регулятор тиешелүү чечимдер кабыл алынганын да кошумчалады.