МСК 8 айда 31.9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту - дагы 10 млрд чогултуш керек
Салык кызматы 8 айда 31.9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
МСК январь-август айларында 31 млрд 952.9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бекитилген план 712.9 млн сомго же 2.3 %га ашыгы менен аткарылды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221.9 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 129.2%).
Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.