Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Кечээ, 6-сентябрда министрлер кабинети менен «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧК компанияларынын консорциуму ортосунда цемент заводун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. 

Бул инвестициялык макулдашууга Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, экинчи тараптан «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧКсынын консорциуму – Башкы директору Акыл Түгөлбаев кол коюшту.

Аталган макулдашууга ылайык, инвестор Чүй облусунда жылына 1.5 млн тонна өндүрүштүк кубаттуулуктагы клинкер өндүрүүчү жана цемент майдалоочу заводду долбоорлоону жана курууну ишке ашырат.

Тагыраак айтканда, инвестордун ишинин объекти болуп Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айыл аймагынын Жылтырында клинкер өндүрүүчү жана Ысык-Ата районунун  Ново-Покровский айыл аймагынын жеринде цементти майдалоочу ишканаларды куруу болуп саналат.

Инвестициялардын жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз