Улуттук банк лицензиясыз валюта алмаштыргандарга айып пул салууну улантууда

Улуттук банк лицензиясыз валюта алмаштыргандарга айып пул салууну улантууда

Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндөргө айып пул салууну улантууда.

Регулятордун маалымат кызматы, дагы бир КРнын жаранына (Б.у.Ж) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салганын билдирди. 

Мындан тышкары, КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. 


Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы айларда жөнгө салуучу органдын тиешелүү лицензиясы жок чет элдик валютаны алмаштырган ондогон адамдарды кармап, аларга айып пул салды.

1990-жылдары Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин өлкөнүн финансы системасы жаңы калыптанып келе жаткан мезгилде, дал ушундай чет элдик валютаны алмаштыруу жайларында же банктарда эмес, “кара базарда” жеке адамдардын колунан алмаштыруу көрүнүштөрү кеңири жайылган эле.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды

2023-жылдан бери Кыргызстанда Ысык-Көлдөн 43 миң тоннадан ашык таштанды жана 400 километрден ашык балык уулоочу торлор чыгарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ӨКМге караштуу Суучулдар кызмат борборунун суучулдары көлдү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. "Бул убакыт аралыгында көлдүн түбүнүн бир миллион гектардан ашык аянты текшерилип,

Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" Диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты. Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, "жашыл" экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык автоунаа тапшырылды

КРнын Акыйкатчы институтунда Президенттин тапшырмасынын негизинде кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Президенттин иш башкармасынын маалыматына ылайык, иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамила Жаманбаева катышты. Анын жүрүшүндө Институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

РФ Борбордук банкынын эсептик чени 16,5%дан 16%га төмөндөдү

Беш жылдагы эң төмөнкү баалардын өсүшү 2025-жылдын аягына чейин болот. Мындай билдирүүнү РФ Борбордук банкынын төрайымы Э.Набиуллина РФ Борбордук банкынын пайыздык чени боюнча чечимине арналган басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында инфляциянын максатына жетүү жолунун олуттуу бөлүгү жабылган, бирок Борбордук банк 2027-жылы нейтралдуу көрсөткүчкө жетет деп болжолдойт. Бүгүн Россия