«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1963 гана дыйкан насыя алган
2022-жылдын 5-сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 3.4 млрд сом, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга – 1.7 млрд сом жана “РСК Банк” ААКга – 1.7 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бардыгы болуп 1963 кредит – 1.6 млрд сом суммасында берилди.
- Фермердик чарбаларга – 500 миң сомго чейин, 1871 кредит жалпы суммасы 706.9 млн сомго берилген.
- Айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жоопкерчилиги чектелген фермердик чарбаларга жана жылдык жүгүртүлүшү 1 млн сомдон 5 млн сомго чейинки Айыл чарба кооперативдерине жалпы суммасы 14 70.0 млн сомго кредит берилди.
- Кластерлердин агрегаторлоруна (тамак-аш өнөр жай ишканалары жана соода — логистикалык борборлор), жаңы түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларына – 150 млн сомго чейин, жалпы суммасы 14 кредит 630.1 млн сом берилди.
- Ошондой эле техниканын лизинги боюнча 64 млн сом суммасында 180.2 кредит берилген.