John Galt КРнын түштүк аймактарында жакшы бизнес долбоорлорго 1 млн сомго чейин гранттык каражаттарды берет

John Galt КРнын түштүк аймактарында жакшы бизнес долбоорлорго 1 млн сомго чейин гранттык каражаттарды берет

Бизнес акселератор John Galt КРнын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары үчүн бизнес долбоорлордун сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган акселератордун маалымат кызматы билдирди.

Катышуу талаптары:

  • жашыңыз 18ден 35ке чейин болуш керек
  • сиз жаңы баштаган же учурда иштеп жаткан ишкерсиз, кошумча каржылоого муктажсыз
  • сиз Баткен, Жалал-Абад же Ош облусунда жашайсыз
  • сиз долбоорго катышууга, инвестиция тартууга жана бизнесиңизди өнүктүрүүгө кызыкдарсыз.

Тандалган катышуучулар:

  • ишкердик жана финансылык менеджмент боюнча онлайн тренингдерди өтүшөт
  • бизнес долбоорлорун жыйынтыкташат жана аларды презентациялашат
  • 120 миң сомдон 1 млн сомго чейин гранттык каражаттарды ала алышат
  • тажрыйбалуу бизнесмендерден жана финансисттерден бүткүл кызматташуу бою (1 жылга чейин) консультациялык колдоо алышат.

Кантип көбүрөөк маалымат алса болот?

26-сентябрдан 5-октябрга чейин John Galt эксперттери төмөнкү жерлерге кызыккандардын бардыгы менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүшөт:

  • Ош облусу – Ош, Кара-Суу, Гүлчө, Ноокат, Араван, Өзгөн.
  • Жалал-Абад облусу – Жалал-Абад, Кербен, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Сузак, Майлуу-Суу, Базар-Коргон.
  • Баткен облусу – Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана.

Жолугушуунун өтө турган күндөрү жана убактысы John Galt социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат.

Тандоого катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу арыз толтурса болот.

  • Суроолор боюнча байланыш телефондору: +996 (707) 777 455
  • Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 15-октябрына чейин.

Бизнес акселератор БУУӨПтүн «КРнын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында covid-19дун залалдуу кесепеттеринен социалдык-экономикалык калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

“Сынак буга чейин 2018, 2019 жана 2021-жылдары ишке ашырылып келген «Жаңырейшн» демилгесинин уландысы болуп саналат. Биринчи этапта демилге ишкердикке кызыккан жана бизнести пландоо, критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрү жана коммуникация боюнча кошумча билим алгысы келген жаштарды аныктоо максатында арыздарды чогултууну жана КРнын аймактарына сапарларды камтыйт.

Экинчи этапта чогултулган арыздар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралат жана бизнес долбоорлору тандалган катышуучулар негизги каржы жана бизнести башкаруу боюнча акселерацияга чейинки окуудан өтүшөт. Тренингден кийин камтылган материалдар боюнча тестирлөө жана бизнес-идеяларды жакшыраак түшүнүү үчүн катышуучулардын ар бири менен жеке телефон чалуулар жүргүзүлөт”, -деп айтылат маалыматта. 

Андан кийин түз акселерация этабы уланып, анда 60 адам 4 күн бою финансылык менеджмент, жаңы чөйрө табуу боюнча жана башка тереңдетилген окуудан өтүшөт. Акселерация Ысык-Көлдө ololoAkJol коворкинг-резортунда өтөт. Бизнес-долбоорлордун бет ачарынан кийинки акыркы күнү бизнесин өнүктүрүү үчүн гранттык каржылоо ала турган катышуучулар аныкталат.


John Galt – ololo компаниялар тобунун венчурдук бөлүмү, анын миссиясы – КРнын стартап-экосистемасын куруу, энтузиазмдуу негиздөөчүлөргө өздөрүнүн стартаптарын күчтүү, масштабдуу жана ийгиликтүү компанияларга өстүрүүдө ачуу жана жардам берүү.

2017-жылдан бери John Galt 7 компанияны колдоп келет. John Galt стартаптарга насаатчылык жана кеңири байланыштар тармагына мүмкүнчүлүк берет. John Galt’тун максаты – стартаптарды биринчи кадамдарынан баштап, алар жогорку баа менен инвестиция тартууга даяр болгонго чейин жетектөө болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз