«Кыргызчеттранс-Ош» транспорттук-логистикалык автобаза куруп жатат
“Кыргызиндустрия” ААК тарабынан негизделген “Кыргызчеттранс” ЖЧКнын автобазасы кадимки режимде иштеп жатат. Учурда “Кыргызчеттранстын” логистикалык автобазасынын жанында май куюучу жана унаа жуучу жайларды куруу боюнча пландоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызиндустриянын” маалымат кызматы билдирди.
“Бүгүнкү күндө объект иш алып барууга даяр жана автопаркты тейлөөгө зарыл болгон тийиштүү техникалык кароолор толук кандуу иштеп жатат”, – деп билдирди “Кыргызчеттранс-Ош” ЖЧКнын директору Акбарали Батыров.
Эске сала кетсек, август айында «Кыргызиндустрия» ААК мамлекеттик үлүшү бар «Кыргызчеттранс-Ош» компаниясын негиздеген. Долбоор эл аралык жана ички жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.
Ишкананын оор жүк ташуучу унааалары логистикалык автобазанын курулуш иштери жүрүп жатканына карабастан, бир айдан ашык убакыттан бери нормалдуу иштеп жатат, деп билдирди компания.







