МИКтин уставдык капиталынан 200 млн сом Баткендин чек ара райондорунда турак-жайларды курууга жумшалат
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКтын уставдык капиталынын каражаттарынан 200 млн сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда турак жайларды курууга жумшоо сунушталды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечим минкабдын жыйынында кабыл алынып, буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди.
Кабыл алынган чечимде Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешине турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктоосу жана кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага алууга талапкер Баткен облусунун чек ара районунун тургундарынын тизмесин бекитүүсү тапшырылды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 31-августуна карата МИКтин уставдык капиталы 8 млрд 264 млн сомду түзөт.