Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарын районунун Куланак айыл аймагында, Нарын суусунун боюнда кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Куланак” ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген “Нарын” ЖЧК өндүрүштүк ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда.

“Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу – 100 МВт. Куруу мөөнөтү – 4 жыл. Жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуш жумуштары учурунда 500 адам иш менен камсыз болуп, ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 100 млн еврону түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

«Куланак» ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488.51 га жер аянты трансформацияланып берилген.

Курулуш ишинин жүрүшү тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Нарын” ЖЧКнын жетекчиси Кутубай Мурзабаев учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВ көмөкчү чордон, 1000 кВт 2 даана трансформатор, 190 даана зым тиректер орнотулуп, жумушчулар жашап, иштеши үчүн вахталык шаарча курулганын, шаарчада курулушчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгилешти.

Мындан сырткары, деривациялык каналга бара турган жана каналды бойлой кеткен жолдун негизин таптоо, бетон аралашмасын даярдай турган жана шагыл майдалап, сорттоочу жабдууну коюу жумуштары жүргүзүлүүдө.

ГЭСтин курулушу райондун ирригация тармагына да пайда алып келиши күтүлүүдө. Алсак, Куланак каналын өзү агып чугуучу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болот. Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын жерлерин сугат суусу менен камсыздоо жакшырат.

Ошондой эле суу баскан аянттар кеңейсе ушул аймактан 22 миң га жер аянтын картошка эгүү үчүн өзбекстандыктарга ижарага берсе жана сууну текке кетирбей ири балык чарбасын куруп, киреше тапса да болору айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз