АКШнын Бишкектеги элчилиги виза интервьюсуна жаңы ачкан 980 орун эки саатта толуп калган
АКШнын Бишкектеги элчилиги 12-сентябрда виза интервьюсуна жаңы 980 орун ачканын, бирок ал тез убакыт аралыгында эле толуп калганын билдирди.
“Виза алууну каалоочулар 2 сааттын ичинде бул орундарды ээлеп коюшту. Буга кошумча, биз жакында КРнын жарандарын биринчи кезекте орундар менен камсыз кылуу үчүн кыргызстандык эмес жарандарды кабыл алуу эрежелерин жаңырттык”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Ошондой эле АКШ элчилиги визаны күтүү убактысын кыскартуу боюнча аракеттерин улантарын билдирди.