Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

Прокуратуранын берген маалыматына таянсак, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада, мамлекетке материалдык зыян келтирген.

“Мындан тышкары, министр Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо “Б.” ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирген”, – деп айтылат маалыматта.

 Эскерте кетсек, Доскул Бекмурзаев Энергетика министри болуп 2021-жылы июнь айында, Кыргызстан энергетикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан мезгилде дайындалган.

Мындан тышкары окуңуз

1,5 млндон ашык адам "Салык төлөөчүнүн кабинети" сервисин колдонууда

1,5 млндон ашык адам "Салык төлөөчүнүн кабинети" сервисин колдонууда

2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы салыктык кызматтарды санариптештирүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырды. Анын жыйынтыгында “Салык төлөөчүнүн кабинети” сервисин колдонгондордун саны 1,52 миллионго жетти. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 180,4 миңге өстү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Salyk.kg мобилдик тиркемесин учурда 77,6 миң салык төлөөчү

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Бүгүн, Жогорку Кеңешт VIII чакырылышынын жыйынында Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды. ЖКтин Комчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык,  Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Бүгүн Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды жана карда жүрүүчү техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. ИИМдин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында "JAC", "Changan», "Hyundai Staria", "Toyota

Бажы кызматынын 2025-жылдагы санариптештик негизги натыйжасынын бири- кырдаалдык борбордун түзүлүшү

Бажы кызматынын 2025-жылдагы санариптештик негизги натыйжасынын бири- кырдаалдык борбордун түзүлүшү

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы санариптештирүүнүн алкагында кырдаалдык борборду киргизген. Аны киргизүү чечими бажы процесстери менен байланышкан көп көлөмдөгү маалыматтарды натыйжалуу башкаруу зарылдыгынан улам келип чыккан. Бажы кызматынан кабарлашкандай, Кырдаалдык борбор бажы органдарынын ичиндеги мониторингди, талдоону жана кырдаалдык баалоону бирдиктүү аналитикалык чөйрөгө топтойт. Борбор бажы процесстерине туруктуу автоматташтырылган мониторинг жүргүзүүнү, учурдагы