УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды

УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды

Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачканын анын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров УКМКнын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын белгиледи.

“Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз”, – деди президент.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды.

Ошондой эле Жапаров базанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Байрактар” учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием болду

Бишкектеги советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ишчара Бишкек шаарындагы Ата-Түрк атындагы сейил бакта интернационалист жоокерлердин мемориалында болду. Министрликтин маалыматына ылайык, курман болгондорду эскерүүгө ардагерлер, жоокерлердин туугандары, коргоо министринин орун басары Алмазбек Кулмурзаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министрлиги "Дөөлөт курулуштун" курулуштарын жандандырат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрү менен "Кудайберген" турак жай комплексинин курулуш аянтчасында жолугушкаын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттердин жетекчилери жана үлүшчүлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Айрым жарандар аталган компаниядан батирлерди болжол менен төрт жыл мурда сатып алышкан. Бирок

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Бишкекте "Чакан ГЭСтин" 3 точксы жана 10 кубаттоо станциясы бар

Учурда  "Чакан ГЭС" ААКсы ишканасынын Бишкекте 3 точкасы жана 10 кубаттоо станциясы иштеп жатканын башкы директорунун орун басары Канат Аскеев радио эфиринде билдирди. "Бизде видеокамералар орнотулган, оператор аларды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Ошондой эле зымдарга байланыштуу же башка мыйзам бузуулар болбошу үчүн дайыма текшерүү жүргүзүлөт. Коопсуздук маселеси туруктуу

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

МинКаб лотереяны мыйзамсыз уюштургандарга жазаны катаалдантат

Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда интернет айдыңында лотерея оюндарын мыйзамсыз уюштургандарга жаза киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 14-февралда коомдук талкууга коюлду. Анда соңку учурда өлкөдө ар кандай онлайн платформалар, социалдык тармактар, мессенжерлер жана сайттардын жардамы менен мыйзамсыз лотерея өткөргөндөр көбөйгөнү жазылган. Интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея жана бинардык опциондордун ишмердиги жарандардын өз