Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Баткен облусундагы каржылануучу объекттер менен таанышты - долбоорго 50 млн доллар бөлүнгөн

Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Баткен облусундагы каржылануучу объекттер менен таанышты - долбоорго 50 млн доллар бөлүнгөн

Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Баткен облусу боюнча долбоорго кирген объектилерди жеринде көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Бүгүн, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен биргеликте Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барышты.

“Мен Баткенге алгач ирет келдим. Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келебиз. Буга чейин Ош облусун өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөткөнбүз. Региондорду өнүктүрүү долбооруна Баткен облусу да катышууда.

Долбоордун алкагында Баткен облусуна 50 млн доллар беребиз жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, облустун экономикасын чыңдоо максатында жеке секторлорду, чакан жана орто бизнес менен айыл-чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөбүз”, – деди Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Борбор Азиядагы жетекчиси Татьяна Проскурякова.

Буга чейин, Баткен шаардык мэриясы Бөкөнбаев атындагы орто мектебине кошумча комплекстүү мектеп имаратын куруп берүү боюнча долбоорун сунушташкан. Аталган мектеп 640 орунга ылайыкташкан болсо, учурда 2 миңден ашуун окуучу мектепте билим алууда.


Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктураны жана калкты тейлөөнү колдоого жумшалат.

Ушул жылдын апрелинде Вашингтондо КР менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда Баткен облусунда «Экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча кол коюлган макулдашууга ылайык, долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылат.

Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт.

  • Биринчи компоненттин алкагында 24 млн долларга (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы) муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо боюнча иш-чаралар каржыланат.
  • Экинчи компоненттин алкагында 21 млн доллар агроазык-түлүк кластерлерин бекемдөөгө бөлүнөт.
  • Үчүнчү компоненттин алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү үчүн 2 млн доллар өлчөмүндө чакан гранттар берилет.
  • Дүйнөлүк банк күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүүнүн төртүнчү компонентине каражаттарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн да караган.
  • Бешинчи компоненттин алкагында долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн 3 млн доллар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун