Таңгакталган сууну маркалоодон бюджетке 2,8 млрд сом салык түштү

Таңгакталган сууну маркалоодон бюджетке 2,8 млрд сом салык түштү

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-март айларында таңгакталган сууларга 42,7 млн эсептик-контролдук марка берилди. Маркаланган продукциянын жалпы көлөмү 95,2 млн литрди түздү.

Эсептик-контролдук маркаларды киргизүүнүн натыйжасында таңгакталган сууну, анын ичинде газдалган жана минералдык сууларды өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан бюджетке 2,8 млрд сом салык түшкөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,06 млрд сомго көбөйүп, өсүү 60,1%ды түздү.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2201 товардык позициясына кирген таңгакталган сууларга, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларга эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү маркалоо киргизилген.

Ошол эле учурда маркасы жок таңгакталган суунун калдыктарын 2026-жылдын 1-июлуна чейин жүгүртүүгө уруксат берилет.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, эсептик-контролдук маркасы жок продукцияны саткандарга жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда, 200 даанага чейинки маркасы жок продукцияны саткандарга 100 миң сом айып пул салынат. Ал эми 200 даанадан ашык продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарган учурда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого жана маркасы жок продукцияны сатпоого, сактабоого жана жүгүртпөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media
Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

Ала-Букада чек арачыларга 31 миллион сомго турак үй курулду

26-октябрда Ала-Бука районунун Ызар айылында "Баймак - автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматчылары үчүн курулган жаңы турак үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ала-Бука Райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Ачылыш аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков, район акими Темирболот Абыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media
Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Караколдо 530 ипотекалык батир ноябрда бүтөт

Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинин экинчи этабынын алкагында курулуп жаткан 530 батир ноябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда 530 батирден турган 6 турак жай блогунун курулушу аяктоо алдында турат. Туманбаев

Ишкер Media
Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media