Кыргызстанга быйыл 2 айда 25 892 автоунаа импорттолгон

Кыргызстанга быйыл 2 айда 25 892 автоунаа импорттолгон

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанга 25 892 жеңил автоунаа импорттолгон. Алардын жалпы наркы 203,2 млн долларды түзгөнү Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жасалган талдоодон белгилүү болду.

Импорт көлөмү сан жагынан 39%га, ал эми акчалай көрсөткүчтө 35,4%га өскөн.

Негизинен январь айында жеңил автоунаалар төмөнкү өлкөлөрдөн алып келинген:

  • Кытайдан — 12 687 даана;
  • Түштүк Кореядан — 8 799 даана;
  • АКШдан — 1 329 даана;
  • Япониядан — 715 даана.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдын ала маалыматтарга ылайык 139 065 жеңил автоунааны импорттогон. Алардын жалпы наркы 1 млрд 78,6 млн долларын түзгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды