Кыргызстан–Армения: соода, инвестиция жана транспорт тармактары талкууланды

Кыргызстан–Армения: соода, инвестиция жана транспорт тармактары талкууланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын Астана шаарында Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдө саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды жакшыртуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо багыттары каралды.

Мындан тышкары, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров армян тарапты 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-армян мамилелерин мындан ары да достук, өз ара сый-урмат жана ишеним негизинде өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда 12 миңден ашык ипотекалык батир курулууда

Жалал-Абад облусунда жалпы 12 миң 532 батирге ылайыкталган 15 турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров 23-октябрда Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында облуста 9 миң

Ишкер Media
Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media