Кыргызстандын комбанктары ипотекалык кредитти мамлекеттик кепилдик менен беришет

Кыргызстандын комбанктары ипотекалык кредитти мамлекеттик кепилдик менен беришет

Кыргызстандын коммерциялык банктары ипотекалык насыяларды “Кепилдик фонд” ААКтын кепилдиги менен берет. Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын (МИК) башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөнова тегерек столдо айтты.

Анын айтымында, эгерде кыргызстандыктар алгачкы төлөмдү төгүүдөн кыйналса, мамлекеттик кепилдикке кайрылса болот.

Бүгүнкү күндө баштапкы төлөм 10%дан (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) жеткиликтүү каржылоонун алкагында 20%га чейин жана келишимдик турак жай аманаттарынын алкагында 30%га чейин (башка жарандар үчүн) түзөт.

Эске салсак, “Кепилдик фонду жөнүндөгү” мыйзамга президент киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, МИКтен насыя алып жаткан жарандар «Кепилдик фонд» ААК кепилдиктерине ишене алышат жана кепилдик берүүчү катары банктарга сунуштай алышат. 


Кошумча окуңуз:

«Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке кирди – МИК

«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына ылайык, кимдер ипотекалык насыя ала алат?

Эми мамлекеттик ипотека алууга арызды онлайн берсеңиз болот – МИК

4% жана 8% менен жеңилдетилген ипотека берүү 16-сентябрда башталат – МИК

“Мамлекеттик ипотекалык компания” аймактардын тургундары үчүн “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча өзүнчө кезек ачты

МИК: Ипотекалык каражат сурап жатканда кандай учурда өнөктөш банк каржылоодон баш тартышы мүмкүн?

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын