Бийлик дары-дармектерди ташып кирүүдөн тартып, калкка сатылганга чейин көзөмөлдөгөн системаны ишке киргизүүнү көздөөдө

Бийлик дары-дармектерди ташып кирүүдөн тартып, калкка сатылганга чейин көзөмөлдөгөн системаны ишке киргизүүнү көздөөдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыздоо жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо механизминин жаңы технологияларын ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилери белгилегендей, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык продукцияга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылууга, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рынокто дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

«Автоматташтырылган системаны ишке киргизүү мамлекет тарабынан дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга жана жүздөгөн миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Система милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын даректүү пайдаланылышын жана дары-дармек каражаттарын ташып кирүүдөн тартып бүткүл республика боюнча, анын ичинде жеке дарыкана тармактары аркылуу калкка таратууга чейинки жүгүртүүнү көзөмөлдөөнү камсыздайт», — деди Байсалов.

Белгилүү дары-дармектердин бар экендиги жана анын жайгашкан жери жөнүндө реалдуу убакытта маалымат алууга болот. Жарандар сатылып алынган дары-дармектердин мыйзамдуулугун текшерип, ал боюнча керектүү маалыматтарды ала алат.

“Система аркылуу чогултулган дары-дармекти керектөө тууралуу маалыматтар саламаттыкты сактоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Система дээрлик реалдуу убакытта бүткүл өлкө боюнча дары-дармек менен камсыздоонун абалын баалоого мүмкүндүк берет жана дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатат”, – деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер минкабдын жетекчилиги тарабынан дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн жаңы системасын киргизүүнү тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун