Иран Кыргызстандын ишкерлери үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карайт

Иран Кыргызстандын ишкерлери үчүн визасыз режим киргизүү маселесин карайт

Иран кыргызстандык ишкерлер үчүн 14 күнгө чейин визасыз режим киргизүүгө даяр. Бул тууралуу кечээ, 11-октябрда эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарындагы (СӨП) кыргыз-иран бизнес комитетинин биринчи отурумунун жыйынтыгында белгилүү болгонун КР СӨПтүн маалымат кызматы билдирди.

Иранга Кыргызстан менен инвестиция, айыл чарба, машина куруу, металлургия, тоо-кен өндүрүшү, инженердик-техникалык кызмат көрсөтүүлөр тармагында кызматташууга кызыкдар. Кыргыз тараптан комитеттин төрагасы Роман Касымов бизнес-туризмди да тизмеге киргизүүнү сунуштады.

Кошумчалай кетсек, санкцияларга байланыштуу Кыргызстан россиялык тараптын ордуна күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) Ирандан алып келүүгө кызыкдар экенин билдирген. Тараптар ошондой эле ишеним чөйрөсүн түзүү үчүн эки өлкөнүн ишенимдүү өнөктөштөрүнүн реестрин жүргүзүүнү макулдашты.

Жыйындын жүрүшүндө комитет логистика менен катар банктагы акча которуулар маселесин чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун Иранга карай узартуу боюнча пикирлер айтылды.

«Иран Кыргызстан үчүн Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Араб өлкөлөрүнүн, ошондой эле Пакистан менен Ливиянын рынокторуна чыгуунун жалгыз варианты болуп саналат. Өз кезегинде Иран Кыргызстанды 150 миллиондон ашык калкы бар евразиялык рынокко терезе катары карайт. Мындан тышкары, Кыргызстан Иранга дүйнөлүк рынокко чыгууга жардам бере алмак”, – деди ирандык комитеттин төрагасынын орун басары Годс Нахри Ануширован Хашеми.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-аш өндүрүшү — 17,55

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка ылайык,

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.