Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды
Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев дайындалды.
Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген.
Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан.
Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.