Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара учурашуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү менен башталып, ага президент Садыр Жапаров жана АӨИЧК мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган аймактык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

“Мындан тышкары, ушул эле күнү Астана шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт“, – деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле эртең, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия+Россия» Мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Эске салсак, аталган жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар 14-октябрга чейин созулат. 

Мындан тышкары окуңуз

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар каралды. Тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча мыйзамсыз аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы айтылган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп,

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери кармалышты

Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун "Биримдик" бөлүмүнүн 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, аталган кызматтын кызматкерлери унааларды мыйзамсыз каттаган деп шектелүүдө. Эске салсак, кылмышка шектүүлөр Орусия каттоосунан чыгарылбаган автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз

Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу 45%га аткарылды

Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу 45%га аткарылды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарында “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин 45%ы аткарылды. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер 2025-жылдын ноябрь айында башталган. Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан туруп, шаардагы ири маданий жана