Жыл аягына чейин 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө

Жыл аягына чейин 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүү күтүлүүдө

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана КРнын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады.

Президент куттуктоо сөзүндө үстүбүздөгү жылда республиканын айыл чарба секторунда акырындык менен алгылыктуу жылыштар боло баштаганын, буга агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге, же 26.6 млрд сомго көбөйгөндүгүн белгиледи.

Ошондой эле Жапаров 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясын өндүрүүсү, же өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42 млрд сомго, өсүү темпи 11%га көбөйөрү күтүлүп жатканын айтты. 

“Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири – тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду. 

Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен 3.4 млрд сом бөлүндү, жыйынтыгында, социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады”, – деди ал. 

Президент натыйжада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай секторунда 2022-жылдын январь-август айларында 32.7 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, тармактын өсүү темпи 112.3%ды түзгөнүн же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7.8 млрд сомго көбөйгөнүн билдирди. 

Мындан тышкары окуңуз

Samsung C&T Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Samsung C&T Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Samsung C&T компаниясынын ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы талкууланды. Тараптар компаниянын катышуусу менен Кыргызстанга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын

Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен интеграцияланган инвестициялар платформасы түзүлөт

Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен интеграцияланган инвестициялар платформасы түзүлөт

Кыргызстанда инвестициялар үчүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) түзүү каралып жатканын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин инвестицияларды тартуу жана аймактык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Сухраб Разаков радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, платформаны ишке киргизүү 2026-жылга пландалган. Ал ишкерлерге жана инвесторлорго долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аймактар (облустар, шаарлар жана айылдар) боюнча маалымат алууга

Бишкек–Ош унаа жолунда жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

Бишкек–Ош унаа жолунда жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

Бишкек – Ош унаа жолунун 400,1–400,8-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушун баштоого даярдык иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, ал эми 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулат. Учурда объектте бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана

Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көл облусунда баңгизат даярдап, сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын операция облустук милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар топ аныкталып, анын уюштуруучулары кармалган. Тинтүү учурунда нарколаборатория табылып, анда баңгизат даярдалганы белгилүү болду.