Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштурган кылмыштуу топ кармалды

Ысык-Көл облусунда баңгизат даярдап, сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын операция облустук милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар топ аныкталып, анын уюштуруучулары кармалган.

Тинтүү учурунда нарколаборатория табылып, анда баңгизат даярдалганы белгилүү болду. Ошондой эле республика аймагында сатууга багытталган 10 килограмм тыюу салынган зат алынган.

Учурда УКМК аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абад облусунда эки унаа жолу убактылуу жабылды

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар