Бишкек–Ош унаа жолунда жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

Бишкек–Ош унаа жолунда жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

Бишкек – Ош унаа жолунун 400,1–400,8-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушун баштоого даярдык иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, ал эми 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулат.

Учурда объектте бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулуп жатат. Ошондой эле атайын техникалар жана керектүү жабдуулар жеткирилүүдө.

Быйыл жыл соңуна чейин 250 метр тоннель казуу пландалууда. Долбоор 2028-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлмөкчү.

Белгилей кетсек, тоннелдин курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин биргелешкен долбоору болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

Манасбек Самидинов кайрадан "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы болуп шайланды

29-майда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жылдык жалпы жыйыны өтүп, коомдун башкаруу органдарынын жаңы курамы бекитилди. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйындын жыйынтыгында Манасбек Самидинов кайрадан башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле башкармалыктын жана директорлор кеңешинин жаңыланган курамы бекитилди. Директорлор кеңешинин төрагалыгына Мирлан Конурбаев шайланды. Мындан

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

Ошто 3 ай аралыгында 560 миңден ашуун гүл отургузулган

30-майда Ош шаарында “Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын” жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

Пионер көлүн калыбына келтирүү иштери башталды

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы алдыдагы сууга түшүү сезонуна даярдык көрүү алкагында Пионер көлүн калыбына келтирүү жана ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштерин баштады. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө объектте 8 даана атайын техника тартылган: 3 экскаватор жана 5 HOWO үлгүсүндөгү оор жүк

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

Бишкектеги “Анар-Бак” конушуна автобус жүрүп баштады

30-майдан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, “Анар-Бак” конушу камтылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Белгиленгендей, “Анар-Бак” конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын