Кумтөрдө калдык сактагычтагы калдыктардан алтын өндүргөнү жатышат - азыр өнөктөштөр изделүүдө

Кумтөрдө калдык сактагычтагы калдыктардан алтын өндүргөнү жатышат - азыр өнөктөштөр изделүүдө

“Кумтөр Голд Компани” алтын өндүрүү үчүн кендин калдык сактагычтагы калдыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоор боюнча тендер жарыялады. “КГК”нын өнөктөштөрү бардык документтерди даярдап, долбоорду мамлекеттик органдар менен макулдашып, кайра иштетүү комплексин куруп, ишке киргизиши керек.

“Кумтөр” кениндеги алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын калдыктарын кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке киргизүү тууралуу маалымат компаниянын сайтында жарыяланды.

Сынактын шарттарына ылайык, алтын өндүрүүчү компаниянын өнөктөштөрү консультанттарды таап, калдыктарды кайра иштетүүнүн оптималдуу технологиясын издеп таап же иштеп чыгып, техникалык-экономикалык негиздемени жана башка документтерди иштеп чыгып, ошондой эле бардык зарыл экспертизаларды жүргүзүүгө жана долбоорду мамлекеттик органдар менен макулдашууга тийиш. Андан кийин калдыктарды кайра иштетүүчү комплексти куруп, ишке киргизиши керек.

“КГК” билдирүүсү боюнча, заявкалар быйылкы жылдын 25-декабрына чейин (Бишкек убактысы боюнча саат 24:00гө чейин) кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон. 10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан,

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. "

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокурор Максат Асаналиев 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылга карата ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын билдирди. Анын айтымында, отчеттук мезгилде прокуратура органдары бизнес укуктарын сактоо боюнча 233 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 577 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн 347 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. Жыйынтыгында 136 кызмат