Кыргызстанда 2023-жылы жогорку сапаттагы «Евро-5» бензинин чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 2023-жылы жогорку сапаттагы «Евро-5» бензинин чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 2023-жылы “Евро-5” үлгүсүндөгү сапаттуу бензин чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Талкууда депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы Бүргөндү газ сактагычтагы жаткан мунай толугу менен Кыргызстанга өткөндүктөн, алар менен качан иш башталарын сурады.

«Биз «Кыргызнефтегаз» ААК мамлекеттик ишканасын түздүк, сактагыч анын балансына өткөрүлүп берилди. Биз Өзбекстандан бизге техникалык паспорт берүүсүн суранабыз, ошолор менен бирге иштеп чыгабыз. Бул маселе боюнча биздин энергетика министрибиз иштеп жатат», – деди Жапаров.

Минкаб башчысы ошондой эле азыркы учурда «Кыргызнефтегаз» ишканасы модернизацияланып, арабдар менен биргеликте бизнес-план бүткөрүлүп жатканын белгиледи.

«Кийинки жылы “Евро-5” үлгүсүндөгү 500 миң тонна бензин чыгара турган газ заводун куралы деп жатабыз», – деди ал.


Эске салсак, Economist.kg басылмасы “Бишкек дагы түтүн каптаган кышка даярбы?” деген темада тегерек стол өткөргөн. «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева автотранспорттор шаарды булгаган негизги факторлордун бири экенин айткан.

“Биз ЕАЭБдин ичинде азыркыга чейин сапатсыз К2, К3 бензиндерин колдонуп жана өндүрүп келе жаткан жападан жалгыз өлкөбүз. Ал белгилегендей, Европада болсо эчак эле “Евро-7″ бензинин колдонушат”, – деген ал.







            
                    

Мындан тышкары окуңуз

ЕАЭБ ичинде тигүү тармагындагы тоскоолдуктар алынды-Д.Амангелдиев

ЕАЭБ ичинде тигүү тармагындагы тоскоолдуктар алынды-Д.Амангелдиев

Министрлер кабинети тигүү тармагынын маселесин чечип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Ал белгилегендей, ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлүп, көйгөйлөр талкууланды. “Биз сертификациялоо маселесин карадык, ошондо төлөөчүлөр менен КНС маселеси чечилди. Бул маселе ЕАЭБ кеңешинин акыркы жыйынында каралып, кеңеш катчылыкка бул маселе боюнча резолюция

"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

"Эмаком" курулуш компаниясы банкрот болгон – Нурдан Орунтаев

Депутат Азамат Исираилов 2026-жылдын 5-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында Ош шаарындагы "Эмаком" курулуш компаниясына таандык көп кабаттуу үйдө жылуулук жоктугун билдирди. Ал белгилегендей, киргизилген чектөөлөргө байланыштуу адамдар электр шаймандарын колдонууга да мүмкүнчүлүк алышпай жатышат. Депутат тургундарга документтер боюнча жардам көрсөтүүнү сурады. Бул боюнча курулуш министри Нурдан Орунтаев "Эмаком&

Алдамчылар ПРООН жетекчисинин атынан чыга башташты

Алдамчылар ПРООН жетекчисинин атынан чыга башташты

Белгисиз адам WhatsApp мессенджеринде БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва деп өзүн көрсөтүп, анын атын жана сүрөтүн колдонуп билдирүүлөрдү тарата баштаганын ПРООН билдирди. Маалыматта белгиленгендей, уюмдун өкүлү расмий байланыш үчүн WhatsApp мессенджерин колдонбойт, жана анын атына окшош билдирүүлөр ПРООНго тиешеси жок жана чыныгы эмес. Кыргызстандыктарга мындай билдирүүлөргө жооп

Борбор Азияда бизнес макулдашылбаган процедуралардан улам убакыттан уттуруп жатат–Тажикстан ишкери

Борбор Азияда бизнес макулдашылбаган процедуралардан улам убакыттан уттуруп жатат–Тажикстан ишкери

Борбор Азия өлкөлөрүндө эрежелердин бытырандылыгы, жол-жоболордун ачык-айкын эместиги жана санариптик системалардын интеграциясынын жоктугу бизнес үчүн жашыруун тарифтик эмес тоскоолдуктарды жаратып, жүктөрдүн транзитин олуттуу түрдө татаалдаштырып жатканын Тажикстандан келген ишкер Мадина Хайруллоева "B5+1" форматындагы V "Транспорт жана логистика боюнча регионалдык ишкердик күн тартиби" тармактык сессиясында билдирди.