Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат - Салык кызматы
Кыргызстандын Салык кызматы мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки ташуучуларга товарын транспорту менен кошо тартып алаарын эскертти. Мамлекеттик салык кызматы таксисттерге өзгөчө көңүл бурат.
Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын, анын ичинде мыйзамсыз сатуу үчүн товарларды ташуу фактыларын аныктоо боюнча ишин күчөткөнүн билдирди.
«Өлкөнүн аймагында, өзгөчө такси айдоочулар тарабынан жасалма акциздик маркалар менен же маркасыз, ошондой эле уруксат кагаздары жок (анын ичинде коштомо кагаз (накладная), эсеп-фактура, ошондой эле электрондук варианттары) ташуу фактылары аныкталган учурда, ташылган жүктөр аларды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары менен бирге убактылуу камакка алынат», – деп эскертти ведомство.