Аламүдүн районунун айланма жолунда көмүрдүн максималдуу баасын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Айланма жолдо жана Аламүдүн районунун аймагында көмүрдү сатууда чекене баанын чектүү деңгээлинин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымат боюнча, кызматтын жана Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү көмүрдү сатууда чекене баанын чектүү деңгээлинин сакталышы жана белгиленбеген жерлерде көмүр сатууну аныктоо жана жоюу маселеси боюнча көмүр сатуу пункттарына жөнөп кетишти.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө КРнын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, кызмат тарабынан көмүрдүн белгиленген чектик деңгээлин жогорулаткандыгы үчүн бир сатуучу үчүн айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошондой эле, унаа жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө ЖКККББ тарабынан чечим кабыл алынган.
Азыркы учурда рынокто көмүрдүн тартыштыгы байкалган жок, бардык көмүр базаларында көмүр жетиштүү санда бар.