Доллардын курсу 85-86 сомдун деңгээлинде кармалууда – бирок акча алмаштыруу жайларында валюта жок
Кыргызстанда доллардын базар баасы кечээки 85-86 сомго чейин көтөрүлгөндөн кийин (сатып алуу-сатуу) ушул деңгээлде калууда. Бирок долларды сатып алуу мүмкүн эмес – алар акча алмаштыруу жайларында жок.
7-декабрда саат 09:40ка карата шаардык акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 85 сомду (сатып алуу) жана 86 сомду (сатуу) түзүгөн.
Ошол эле учурда накталай доллар дагы эле жетишсиз болуп, акча алмаштыруучу жайларда америкалык валюта жок.
Банктарда долларды сатып алуу курсу 1 доллар үчүн 84.5-85 сомго чейин болуп турат. Америка валютасынын банктарда сатуу курсу 1 доллар үчүн 85.5-86 сомдун чегинде .
Улуттук банктын 7-декабрга карата расмий курсу 84.9156 сомду түздү.